google-site-verification=0Oo_Vf3d6JMHGu90DahNC5jRgn-RkDuh4owwzsQcGqA astrolog-bishkek.ru - АСТРОЛОГ ЖАНАР КАДЫРАЛИЕВ Бишкек шаары

Келечек муундарым бактылуу болсун десеңиз.

 

        Келечек муундарым бактылуу болсун десеңиз.

 

        Келечекте балдарыңыздын, неберелериңиздин бактылуу болуп  жашоосун кааласаңыз, анда тиешелүү аракеттерди бала төрөлгөнгө чейин жасаңыз. Кийин кеч болуп калат.  Бала бойго бүткөн күндөн тартып кам көрүү керек. Үйдө ынтымактык, тынчтык керек. Ички ой, каалоолоруңуз идеалдуу болушу зарыл.

       Япондор «Будьте осторожны желаниями, они любят исполнятся» деп айткандай ички ойлорубузду, каалоолорубузду бала жарыкка келгиче оңдой билишибиз керек. Эгер ой, каалоолорубуз жакшы болсо бала туулганга чейин эле түйүлдүктө жатканда оң энергетика менен азыктана баштайт. 9 ай ичи жакшы энергетика менен азыктанган, таза аурага бөлөнүп бүткөн бала эч качан «Космостук начар жайгашуу учурунда» төрөлбөйт.  Тескерисинче эң жакшы жайгашуу учурунда төрөлөт. Себеби бала төрөлгөнгө чейин эле жагымдуу энергия менен азыктанып, магниттелип бүткөн болот.      

        Качан гана Космосто баланын энергетикасына шайкеш келген таза энергетика пайда боло калганда, бала жаратылыштын гармониялык закону боюнча дароо жарыкка пайда болуп чыга келет. Бул мезгилде туулган бала сөзсүз бактылуу болот.  А эгер сиз бала төрөлгөнгө чейин кам көрбөсөңүз, жөн гана турмуштун агымына салып койгон болсоңуз, анда бала Космостун, планеталардын чыңалып турган учурунда жарыкка келиши   мүмкүн. Мындай учурда туулган баланын турмуш жолу катаал болот.  Акылдуу, гений, аракетчил  экенине карабастан жетишпеген турмушта жашап жүрүп өтүп кетет. 

       Ошондуктан бала төрөлгөнгө чейин эртерээк кам көрүү керек. Акыркы кезде  Америка, Россия, Англия, Франция, Германия  ж.б.  өнүккөн  мамлекеттерде атайын  Кесарево сечение менен төрөтүп жаткандыгынын сыры да мына ушунда.

Телефондор:  0552-88-23-88  0772-88-88-23 (ватсап)    0704-88-88-23 

 

Пайдалуу ссылкалар (шилтемелер): 

1)  https://www.instagram.com/astrolog_bishkek_kg/

2)  https://www.instagram.com/super_aiymdar1/

 

 

 

 

 

 

 

Астролог жөнүндө

 

ААЛАМ СЫРЛАРЫ
Аалам сырлары
Физика, математика иш жүзүндө.

Жанар Кадыралиев 1967-жылы 4-ноябрда  Жалал-Абад шаарында туулган.  1993-жылы Ош Мамлекеттик Университинин физика-математика факультетин «физика, математика жана астрономия мугалими» адистиги боюнча аяктаган.

Окууну бүткөн эле жылы аталган факультеттин «Экперименталдык жана теоретикалык физика» кафедрасында  мугалим болуп иштеп баштаган. Андан соң Ош Технологиялык Университетинде «Жалпы физика»,  «Электрондук эсептөөлөр техникасы» кафедраларында окутуучу, ага окутуучу болуп иштеген. ЖОЖдордо жалпысынан 14 жыл сабак берген. Астрология илими менен 1987-жылдан бери профессионалдык деңгээлде машыгат. Жалпы стажы 31 жыл. Астролог-консультант болуп Москва шаарында 9 жыл иш алып барган.  Кыргызстандагы  алдыңкы  электроэнергетиктердин жана күчтүү физиктердин бирине кирет.

Ж.Кадыралиевдин берген прогноздорунун  орундалышы.

  • Өзбекстандын эки жолу Кыргызстандын территориясына бастырып кириши. (Аксы жана Үңкүр-Тоого).
  • Ислам Каримовдун жакынкы күндөрдө дүйнөдөн кайтаарын жана түзүлгөн  кырдаалга кооптонуунун  зарылчылыгы жок экендигин  2016-жылы  24-августта  Улуттук Коопсуздук Кызматынын  Борбордук аппаратына билдирилген.  УКМК да   бул нерселер  жазылып, каттоодон да өткөн.  И.Каримов  9 күндөн  кийин көз жумду.
  • 2017-жылдын 26-февралында Ө.Текебаевдин жана 25-мартта С.Жапаровдун камакка алынышы жөнүндө интервьюсу «Супер инфо» газетасынын 2017-жыл 17-февралдагы санында жарык көргөн.
  • Дача-Сууга учактын кулашы.
  • Албек Ибраимовго кылмыш иши козголушу боюнча 1,5 жыл мурда, тагыраагы 2017-жылдын 4-февралында өзүнө маалымаат берилген.  А.Ибраимов ойлонуп калган.
  • «О.Бабанов   2017-жылдын 28-сентябрь күнү абайлап сүйлөшү керек, токтоо болушу керек» — деп март айында сайт, газеталарга берген интервьюсунда эскертип так айткан(Күнүн так көрсөткөн). 6 айдан кийин 28-сентябрь күнү О.Бабанов байкабастан Оштогу Он-Адыр айылында сүйлөгөн сөзүнөн улам кылмыш иши козголгонун барыңар жакшы билесиңер.
  • 2004-2005-жылдары  жана  2017- 2018-жылдардагы саясий кырдаалдарды, жаратылыш,  өрт, жол кырсыктарынын кайсы мезгилдерде көп болоорун күн-күнүнө чейин так көргөзүп  «Агым», «Асаба»  «Азия ньюс»  ж.б. саясий газеталарга,    «НТС»  телевидениеси, «Санжыра радиосу»,  сайттарга,  ж.б  булактарга алдын-ала  жарыялап келген.

 Жакшы көргөн сапаты:  чынчылдык, аң-сезимдүүлүк

Жаман көргөн сапатыкөралбастык, ач көздүк

Жакшы көргөн китеби:   ЖКнын  экс-спикери Асылбек Жээнбековдун өз колу менен белекке берген 815 беттүү Ыйык Куран китеби. 

Астролог менен төмөнкү  телефондорго чалып сүйлөшүңүз:  0552-88-23-88  0772-88-88-23   0704-88-88-23

Оздук сайт:  https://astrolog-bishkek.ru/

    

Кызматтар

 

                              КЫЗМАТТАР

 

astrolog-bishkek.ru

«АУРА» астрологиялык борбору сиздерге төмөндөгүдөй кызмат  көрсөтөт:

Турмуш жаатында

  • Физика, математика, астрономия илимдеринин негизинде  өткөндү жана келечекти туура, так айтып берет(90-95%).  Жакшы жактарды өнүктүрүүнүн, жаман жактарды жоюунун туура жолдорун көрсөтөт. 
  • Акча, байлык, ийгиликке жетишүүнүн чыныгы жолдору көрсөтүлөт.   
  • Турмуштагы кооптуу нерселер: өмур үчүн, ден-соолук үчүн коркунуч жокпу, үйлөнсө ажырашуу жокпу,  
  • Карьерада,  жумушта качан өйдө-төмөн болушу,  түрмөгө түшүү же түшпөө, чет мамлекетке качуу же качпоо жактары каралат.
  • Юридикалык көйгөйлөр  же соттошуулар болуп жатса, андан кантип жеңип чыгуунун туура жолдорун көрсөтүшөт.  Ким  жана кайсы тараптан реалдуу жардам болушун так көрсөтүп беришет.  Эсептөөлөрдө жардам жок болсо, жок деп айтышат. 
  • Оор абалда ооруп жаткан же ооруп жүргөн жакындарыңыз болсо кооптонууга негиз барбы же жокпу? Туура жоопту аласыз.  
  • Профессияны, турмуш жолун жана өмүрлүк жарды туура тандоо көрсөтүлөт.
  • Үй-бүлөнүн бекем болушуна шарт түзөт, консультациялар берилет. 
  • Эски, туура эмес диний көз караштардан арылтып (Мисалы: көз тийиптир, сизде жүк бар экен, каргыш бар экен, бирөөгө түнү акча бербе, жин кирип алыптыр ж.б.ушул сыятуу азгыруулардан сизди арылтып жаңыча медициналык, биологиялык методикалар менен сиздин био-аураңызды оңдоп, тазалашат. Аураңыздын физика-химиялык, магниттик касиеттери эске алынат.  А бул нерсе өз кезегинде сизге:  өзүңүзгө-өзүңүз ишенүүгө, күч-кубат алууга, негизсиз нерселерге ишенбөөгө, чоң ылдамдыкта иштөөгө, жагымдуу нерселерди өзүңүзгө тарта билүүгө ж.б ушул сыяктуу пайдалуу нерселерди алып келет. 
  • Ырым-жырымдарды көп колдонгон мамлекеттерге  караганда, аны колдонбогон Европалык мамлекеттердин эмне себептен бай жашаганын, эмне себептен өнүгүп жаткандыгынын  себептерин көрсөтүп агартуу иштерин жүргүзүшөт. 
  • Аураңыз тазаланып ийгиликке жетишиңизге 100% кепилдик беребиз.  
  • Биздин эшик сиз үчүн дайым ачык! 

Ден-соолук жаатында   

  • Айыкчу жана айыкпас, куру убарага салчу катуу ооруларды так аныктап берет. Анын аркасында сиздерди негизсиз убаракерчиликтен, негизсиз чыгымдардан сактайт.

        Дом, особняк
    Дом, особняк
  • Абалдан чыгуунун туура жолдорун көрсөтөт.
  • Врачтар негизинен оорулууларга 90% учурда туура диагноз коюшат.  Калган 10% ти «трудно диагностируемые болезни» деп аталып, диагнозду туура коюуга такыр мүмкүн болбойт. Дал мына ушул учурда Илимий Астрология жардамга келет. Практикабызда оорулууларды да, врачтарды да таң калтырган учурларыбыз толтура. (Күбөлөр тирүү)  
  • Ден-соолукка, өмүргө коркунучтуу оорулар так аныкталат. Анын ичинде рак оорулары. (адамдын эмне ооруга чалдыгышын ооруп баштаганга чейин 15-20, 30-40 жыл мурда билсе болот. Ал тургай, туулар замат билсе болот). 

.

Адистер менен төмөнкү  телефондорго чалып сүйлөшүңүз:  0552-88-23-88  0772-88-88-23   0704-88-88-23

Оздук сайт:  astrolog-bishkek.ru

     Алдыда боло турган маанилүү чоң окуяларды жылы, айы, ал тургай күнүнө чейин так айтып беребиз. Келиңиз, келип көрүңүз!

 Консультацияны профессионал адистер өтөт. 

 

Астрологияга ишенсе болобу?

 

                      Астрологияга ишенсе болобу?

 

         А сиз, профессионал-астрологко барып көрүңүз. Ошондо билесиз, ишенсе болобу же жокпу. Айрым  акылы төмөн адамдар  өздөрүнө «астролог» деген сөздү кошуп жазып алышып Астрология илиминин баркын кетирип жатышат.

         Чыныгы профессионал-астролог сиз приёмго кирген учурда кеминде 3, көбүрөөк болсо 7-8  баштан өткөн салмактуу окуялардан так айтып бериши керек. Мисалы: сизде же жакындарыңызда юридикалык проблемалар болуп жатса, ири суммадагы акча алдатып жиберген болсоңуз, жакындарыңыздан(атаңыз, апаңыз, бир туугандардан)  каза тапкандар болсо, качан жана кандай жагдайларда каза болгонун так айтып бериши керек (Астрономиялык эсептөөлөрдүн негизинде).  

          «Өткөн маанилүү окуялардан жок дегенде 4-5  окуяны так айтып бериңиз» деп талап коюңуз. Муну менен сиз астрологдун билим деңгээлин текшерип көрөсүз. Эгер астролог жогоруда айтылгандарды так айтып берсе гана, сиз аны менен андан ары сүйлөшүңүз. Демек,  анын билими(знаниясы) күчтүү. Эгер так айтып бере албаса, анда андан ары сүйлөшүүнүн кажети жок. Акы да төлөбөңүз. 

          Баштан өткөн салмактуу окуяларды так айтып бергенден кийин гана  келечекке түздүрүңүз. Биздин астрологиялык борбор жогоруда айтылган нерселерди так аткарат.     

 

Телефондор:  0552-88-23-88  0772-88-88-23 (ватсап)    0704-88-88-23 

Пайдалуу ссылкалар (шилтемелер): 

1) https://www.instagram.com/astrolog_bishkek_kg2/

2)  https://www.facebook.com/astrolog.bishkek1

 

Сентябрь айы Кыргызстанда эмнелер күтүлөт?

          Сентябрь айы, күз айларында Кыргызстанда

                              эмнелер күтүлөт?

 

Жаңы жыл астында тагыраагы  2018-жылдын  21-декабрь күнү  Кыргызстан үчүн төмөндөгү астропрогноздорду  газеталарга, радио, телевидение, сайттарга жарыялаган элек. Алардын төмөнкү окуялары биз айткандай так орундалды: 

          14-январдагы Кытайларга байланыштуу толкундоолор.

           30-апрелде Уран боюнча Бишкектеги митингдер.

           16-сентябрда Тажиктер менен болгон атышуулар.    

 ушул так орундалган окуялар, биздин берген прогноздордун өтө жогорку   тактыкта  чыга турганын далилдеп турат. Астрономия илиминин баалуулугун көрсөтүп турат!

15-сентябрдан баштап 7-октябрга чейин асмандагы начар жайгашуулардан улам Кыргызстанда саясий абалдын бир аз курчушу, эл аралык мамилелердин бузулушу, курчушу, айрым саясий топтордун козголушу күтүлөт. Диний көз-караштагы адамдар ортосунда да түшүнбөстүктөр келип чыгышы мүмкүн. 🔶 🛑 🔔

Ошондой эле саясатчылардын, Өкмөт тараптагылардын да маанайлары суктанаарлык болбойт. Маанайлары өзгөрмө болот. Мунун баарына: көз-караштарын ачык билдирип чыккан кээ бир партиялар, топтор себепкер болушат. Коомчулукта түшүнбөстүктөр көп жаралат. 🌳 🍊⭕️

«Кулагым тынч болсун десеңиз ушул күндөрү сыртка чыкпай үйдө отуруңуз» деп кеңеш берет жылдыздар. 🍒 ⚽️ 📌

   Эскертүү!  Алдыдагы 3 жылда(2019-2022-жылдары көптөгөн саясатчылар) камакка алынат. Мурдагыдай эле алардын аты-жөнүн мезгил-мезгили менен берип турабыз. Саясатта хамелеондор башка мезгилге караганда көп урду-соккуга дуушар болушат.  Өзгөрүүлөр көп болот.  Мындай нерселер Марс планетасынын алга умтулуу кыймылы кайра жаңырганга чейин боло берет. 

(Марс азыр Асманда кетенчиктөө кыймылын аяктап, стационардык абалда калкып турат. (Прогрессия для Кыргызстана)). (Очень мощный метод).

   Марс алдыга көздөп жыла баштаган айдан баштап, жогорудагы нерселер өтө тездик менен ишке аша баштайт. 

Андыктан токтоо жана сак болуңуз! 

(Марс это-  планета агрессивности, больших необдуманных финансовых трат и тайных врагов).     

 

Телефондор:  0552-88-23-88  0772-88-88-23 (ватсап)    0704-88-88-23 

Пайдалуу ссылкалар (шилтемелер): 

1)  https://www.instagram.com/astrolog_bishkek_kg/

2)  https://www.instagram.com/super_aiymdar1/

 

 

Эгер сүйгөнүңүздөн күмөн санасаңыз?…

           

              Эгер сүйгөнүңүздөн күмөн санасаңыз?…

 

       Эгер сиз сүйгөнүңүздөн күмөн санасаңыз аны кантип байкаса болот? Сиздин күмөнүңүздүн чын-төгүнүн билүү  үчүн кандай туура аракеттерди жасоо керек. Кеттик анда!

         Эң эле биринчи сүйгөнүңүздүн баскан-турганына, кийим кийүүдөгү имиджинде өзгөрүү барбы(сырткы эле эмес, ички кийимдерге да көңүл бөлүү керек), жумуш убактысына, мамилесине көңүл бөлүү керек. Куу адам болсо мамиледен эч нерсе байкатпайт, тескерисинче сизге чектен ашып сый көрсөтөт.

         Эң кызыгы(обычно) жолдошуңуздун туура эмес жолдо жүргөнүн, сиз эң акыркы болуп угасыз. Балким таптакыр билбей жүрө беришиңиз да толук мүмкүн. Себеби жөнөкөй: эч ким буга аралашкысы келбейт, сизге айтып  жаман көрүнгүсү келбейт.   Мындай учурда эмне кылуу керек? Сүйгөнүңдү текшерүүнүн түрдүү ыкмалары бар. Биз анын ичинен астрологиялык ыкманы(методиканы) колдонобуз. Бул методиканы көпчүлүк профессионал-астрологдор сыр тутуп ачыка чыгарбайт. 

         Кыскасы астрономиялык таблицаны(эфемериды) алабыз. Андан Венера жана Марс планеталарынын кайсы жылдыз топтордо жайгашканын карайбыз(оңой эле, корпоңуз). Эгер сиздин Венера же Марс планетаңыз, сүйгөнүңүздүн Марс же Венера планетасы менен бир жылдыз топто жайгашса, анда  эч кандай кыжаалат болуунун кереги жок. Сүйгөнүңүз сизди эч качан таштап кетпейт. Венера сүйүүнүн, назиктиктин, жагымдуулуктун жана аял сымал планета болгондуктан, ал эми Марс агрессивдүүлүктүн, физикалык күчтүн, энергиянын жана эркек сымал планета болгондуктан, силердин ортоңордо өтө күчтүү, кумардуу  сүйүү жашайт. Мүнөзүңөр такыр дал келбесе да, төшөктөгү кумардуу  сүйүүдөн кийин баарын эч  нерсе болбогондой, көз ирмемде унутасыңар. 

           Албетте сүйгөнүңүз менен анын мамиле кылып жүргөн адамынын ортосунда Венера менен Марстын жайгашуусу жогоруда айтылгандай болбой калса жакшы болмок.  Анда алардын сүйүүсү көпкө жетпей эле тез токтомок.  А эгер тилекке каршы Венера, Марс бир жерде жайгашып калса, анда бүттү! Анда сиз үчүн кыйын. Аны кайтарып алуу кыйынга турат. Ортодо балдар кыйналат.   

           Ошондуктан  мындай нерсерлерге орун бербеш үчүн өзүңүзгө бекем болуп, эркек болсоңуз аракты азайтып,  көп-көп акча табыңыз. Аял болсоңуз азыркы кезде кыз-келиндердин арасында  мода болуп кеткен «сигарет чегүүдөн» алыс болуңуз. Аял затынан ачуу сигареттин жыты келип тургандан көрө, парфюмериянын  жыпар жыттуу жыты келип турса кандай жакшы. Көзгө жагымдуу, назик, сулуу да көрүнөт. Башкача айтканда, женский компоненттер күчөйт…     

 

Телефондор:  0552-88-23-88   0772-88-88-23 (ватсап)   0704-88-88-23 

Пайдалуу ссылкалар (шилтемелер): 

1)  https://www.instagram.com/astrolog_bishkek_kg/

2)  https://www.instagram.com/super_aiymdar1/

     

 

 

Акысыз консультациялар

                                             

          АКЫСЫЗ КОНСУЛЬТАЦИЯЛАР ❤️💛💚 Жумасына бир гана жолу, ар ишемби күнү саат 14-де акысыз консультациялар өтүлөт. Консультация учурунда сиз төмөнкү суроолорго жооп аласыз:

Ийгиликке жетишүүнүн чыныгы жолдору.
Карьера, бизнес, профессияны туура тандоо. 🔔📘✅

Кайсы ишкердүүлүк сиз үчүн кирешелүү, кайсынысы чоң чыгымдарга алып келет.
Акча, байлыктын көп келчү жылдары. 🍓🌳🌕

Кандай жумушта иштесеңиз тез көтөрүлөсүз.
Мага кандай жубай туура келет? 🔶💰🍒

Үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр, аны кантип туура чечүү керек.
Балдарыңыздын ден-соолугу, келечеги. Аларга кайсы жолду тандоо максатка ылайыктуу. 💰 🧰 🎹

Кайсы тараптан жамандыкты күтүүгө болот? Кимден? Жана кантип кутулуу керек?. 🔶🔺🍏

Финансылык, юридикалык, түрдүү проблемалардын кайсы жылдары күч алышы. Андан кутулуунун жолдору. 🍊 🌳♦️

 

Ориентир: 2-роддом,  Московская / Молодая Гвардиянын кесилиши

Телефондор:  0552-88-23-88   0772-88-88-23 (ватсап)   0704-88-88-23  

Пайдалуу ссылкалар (шилтемелер): 

1)  https://www.instagram.com/astrolog_bishkek_kg/

2)  https://www.instagram.com/super_aiymdar1/