Песня буй-буй-буй (Киргизия)
Песня БУЙ БУЙ БУЙ Киргизия
.Телефондор: 0552-88-23-88 0772-88-88-23 0704-88-88-23
Оздук сайт: janar.ru
Астротөлгө: май айы жагымдуу окуяларга бай болот
АСТРОТӨЛГӨ: МАЙ АЙЫ ЖАГЫМДУУ ОКУЯЛАРГА БАЙ БОЛОТ
«Жылдын биринчи жарымында жаратылыш кырсыктары, апрель айында жол кырсыктары көп болот…»
Дал ушундай жоромолду мындан 1 ай мурун астролог Жанар Кадыралиев «Супер-Инфого» берген маегинде билдирген эле. Соңку окуялар көрсөткөндөй, бир ай ичинде адам өлүмү, жаракаттар менен коштолгон көптөгөн жол кырсыктары, табигый кырсыктар орун алды. Астролог бул жолу май айына карата жоромолдорду айтып берди.
– Жанар мырза, буга чейин «25-февраль-1-март аралыгында саясий тирешүүлөр, жаратылыш кырсыктары жана аба ырайы кескин түрдө өзгөрүүсү күтүлүүдө, апрель айында жол кырсыктары көп болот» дедиңиз эле. Жоромолдоруңуздун көпчүлүгү төп келди. Сурайын дегеним, жыйынтыктарды эмнеге таяп чыгарасыз?
– Жыйынтыктар Күн менен кошо 9 планетанын жайгашуусу, Ай жана жылдыздардын кыймылы, алардын бири-бирине болгон таасири изилденип, анан чыгарылат. Иликтөө атайын астрономиялык программанын, тагыраагы, эфемеридалык таблицанын жардамы менен жүргүзүлөт. Таблицада кайсы жылы, кайсы айда, кайсы планета каякта жайгашары градус, мүнөттөрүнө чейин көрсөтүлөт. Таблица 300 жыл алдыга түзүлөт.
– Адамдарда «бир нече миллион чакырым алыстыкта жайгашкан планеталар, жылдыздар бизге кандайча таасир тийгизмек эле?» деген суроо жаралбай койбосо керек…
– Ар бир планетанын өзүнө тиешелүү мүнөздөмөсү бар. Мисалы, Сатурн жерди, Нептун сууну түшүндүрөт. Ал эми Юпитер узак сапарлардын, Уран асман, авиация, электроника, электроэнергетика жана күтүүсүздүктүн, Марс агрессивдүүлүктүн, механиканын, өрт коопсуздугунун жана түрдүү кырсыктардын, Венера сулуулуктун, сүйүүнүн, жасалгалоонун, акча маселелери жана эс алуунун планетасы. Адам космостун бир бөлүкчөсү болгондуктан мына ушулардын баары жашообузга сөзсүз таасирин тийгизет. Космостун өз мыйзамдары бар. Жоромолдор мына ушуларга таянып чыгарылат. Мисалы, Ай, Күн тутулганда бирөөлөр менен конфликтке барбоо, маанилүү иш баштабоо, бирөөгө ишеним артпоо керек. Эгер жагдайлар ушул күндөргө туш келсе чечилиши кыйындап, кийинки айларга жылып кетет. Мисалы, Өмүрбек Текебаевдин кармалышы Күндүн тутулушуна, 26-февралга туш келген.
Эске алчу жагдай, жоромолдор бардык адамдарга тиешелүү эмес. Мисалы, бөйөн жылдызындагы адамды бул айда үлпөт тою күтүп турат десек, ошол жылдыздын алдында төрөлгөндөрдүн баары үйлөнбөйт. Жеке адамдын жашоосун билүү үчүн анын төрөлгөн убакыт-саатын, мүнөтүнө чейин так билүү зарыл.
– Жеке адамга астротөлгөнү төрөлгөн убакыт-саатына карап айтууга болсо, өлкөнүкүн эмнеге таянып айтасыз?
– Мен атайын изилдөө, эсептөө жүргүзүп, релокация ыкмасы боюнча Кыргызстандын түзүлгөн убактысын мүнөттүк тактыкта тапкам. Так убактысын өзүм билем, бирок сыр тутам. Ошондуктан көптөгөн божомолдорум окурмандар айткандай күн-күнүнө чейин туура, так чыгып жатат.
– Жоромолду адам баласы өзгөртө алабы?
– 100 пайыз өзгөртө албайт, 20-30 пайыз алдын алууга болот. Мисалы, «үй-бүлөдө чыр-чатак орун алат» деген жоромол айтылса, чыр-чатактын алдын алып, аны жеңил формага өткөрүп жиберүүгө болот.
МАЙ АЙЫНДА БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?
Аба ырайы. Нептун планетасынын таасиринен улам май айында аба ырайында кескин өзгөрүүлөр көп болот. Жамгыр жаап, кайра ачылып элди убарага салат. Эгер өтө муздак циклон келсе, жамгыр карга айланышы мүмкүн.
Коомдо. Сатурн, Уран жакшы түзүлүштө турат. Көп адамдардын жеке маселелери ийгиликтүү чечилет. Кимдир бирөөлөр алыска сапарга чыгышат. Балдардын төрөлүшү көбөйөт. Өлкөдө, жеке адамдардын турмушунда да жакшылыктар, жагымдуу окуялар көп орун алат. Ошентсе да элди 10-майга чейин унаада, жолдо жүрүүдө сак болууга чакырам.
Каржы жаатында.
20-28-май аралыгында финансылык жактан тартыштыктар жаралышы мүмкүн.
Саясатта. Планеталардын кыймылына көз салсак, азырынча жакшы түзүлүштө турушат, өлкөдө орчундуу окуялар жакын арада орун албайт. Алдын ала айтып койчу нерсе, Уран менен Юпитердин карама-каршылыгынан улам 31-июлдан 10-августка чейин жана сентябрдын акыркы 5 күнү, октябрдын биринчи жумасы өлкө үчүн кооптуу болуп турат. Эң орчундуусу 5-августка жана 28-сентябрга туш келет. Күтүлбөгөн окуялар орун алышы мүмкүн. Саясатчылар сабырдуу, токтоо болушу керек.
АПРЕЛЬ АЙЫНДАГЫ КЫРСЫКТАРДАН
8-апрель күнү саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Кемин районунда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 79-чакырымында 2 жеңил унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 5 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген.
13-апрель күнү саат 18:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 97-чакырымында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.
16-апрелде Бишкекте Байтик баатыр-Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен Тойота Камри унаасы сүзүшүп, 15тей адам жабыркаган.
17-апрелде 12:30 чамасында Казарман-Акталчат унаа жолунун 73-чакырымында 2 жерден кар көчкү түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 2 миң метр куб болуп, каттам убактылуу жабылган.
19-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында Өзгөн районундагы Жыланды айылындагы Жылан-Сай каналынан суу ашып, турак үйлөрдү каптаган.
21-апрелде Бишкекте Мерседес унаасынын айдоочусу эки мектеп окуучусун сүзүп, токтобой качып кеткен. Ошол эле күнү шектүү кармалды.
23-апрелде Базар-Коргон районунда суу түтүкчөсүн оңдогону барган 8 адамдын төртөөсүн көлөмү 300 метр куб болгон жер көчкү басып калып, 3 адам каза болду.
25-апрелде 15:10 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 131-чакырымында кар көчкү түшүп, жолдо бара жаткан 2 күйүүчү май ташуучу унааларды сүрүп кысып койгон.
Дамира Арстанова
koom1@super.kg
Астрология: Адам өз тагдырын өзгөртө алабы?
«АЙРЫМ ПЛАНЕТАЛАРДЫН ТААСИРИНЕН ЧЫГУУГА БОЛОТ»
Тагдыр… Жашоодо ар түрдүү кыйынчылыктарга кептелгенде оор үшкүрүнүп, тагдырдын жазмышына шылтайбыз. Бирок мындай учурда моюн сунуп отурбай, тагдырды жакшы жакка өзгөртүүгө таасир берсе болорун астролог Жанар Кадыралиев баяндайт.
– Бизге космостон тынымсыз электромагниттик толкундар келип турат. Андыктан биз каалайбызбы, каалабайбызбы ал толкундар аркылуу, гравитациялык аракет этүүлөр, пи-мезондор, мю-мезондор, ж.б бөлүкчөлөр аркылуу Космос бизге түздөн-түз өз таасирин берип турат. Космос Жер шаарына эле эмес, анда жашап жаткан жандуу да, жансыз да нерселерге таасирин тийгизип турат. Ушундан улам астрология жаратылышта болчу өзгөрүүлөрдү, аба ырайын алдын ала билгендей эле, анда жашаган адамдардын тагдырын да алдын ала божомолдой алат. Жер планетасы күндүн айланасында 365 күндө айланса, Марс 22 айда, Юпитер 12 жылда айланат.
Бул планеталар ылдам айлангандыктан булардын таасиринен бир аз чыкса болот. Ал эми Сатурн 29, Уран 84, Нептун 165, Плутон 250 жылда бир айлангандыктан бул планеталардын таасиринен чыгуу кыйыныраак болуп, берген сыноолорунан кутулуу оорураак болуп калат. Мисалы, бир адамдын бешенесинде анын өлүмү башка адамдын кол салуусу аркылуу болору жазылса, аны өзгөртүү мүмкүн эмес. Болгону өлүмгө жакшы планета деп саналган Юпитер, Чолпон же Жер таасир берсе, бир аз жеңилирээк формада ишке ашат. Ал эми Плутон, Марс сыяктуу агрессивдүү планеталардын таасири тийсе, ал адам башка адамдын мыкаачылыгынын курмандыгы болуп жан берет. Бирок адам космостун таасиринен толугу менен чыгып кете албайт.
«ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛДЫ АЛМАШТЫРУУ МЕНЕН КЫРДААЛДЫ ӨЗГӨРТСӨ БОЛОТ»
– Астролог катары өзүмдүн тагдырыма байланышкан божомолдорду жеке жылдыз төлгөмдөн карачу эмесмин. 2015-жылы үй-бүлөмдө жагымсыз окуя орун алып кеткенде «эмнеге ошонун алдын алган жокмун» деп ойлоп, жылдыздар эмне дешкенин карадым. Анан өзүмдүн да, жубайымдын да бешенесине ошол окуя жазылганы аныкталгандан кийин «муну мурдараак карап койгонумда бул окуяны өзгөртө алмак экенбиз» деп ойлондум. Муну менен бешенеге жазылганды толук өзгөртүү адамзатынын колунан келбесе да, боло турган окуяны башка жагынан келишине таасир этүүгө болорун айткым келет. Планеталардын жайгашуусуна карата адам тагдырдын жакшы-жаман «белегин» башка жагынан тандап ала алат. Астрологиянын бизге берген таасири биздин географиялык абалга да тиешеси бар. Андыктан алдын ала берилген божомолду бир аз өзгөртүү үчүн убактылуу алыс жакка чыгып кетүү туура болот. Жер которууда канчалык алыстыкка бет алсаң боло турган окуялар ошончолук башка сюжетте, жеңилирээк формада болуп өтүп кетиши мүмкүн.
«БАЛАНЫН ТӨРӨЛГӨН КҮНҮ ЭЛЕ ЭМЕС, СААТЫ, МҮНӨТҮ ДА МААНИЛҮҮ»
– Дүйнөлүк масштабдагы астрологдор наристенин тагдырына анын төрөлгөн убактысы таасир берерин айтышат. Мисалы, кайсы бир убакытта төрөлгөн бала тартынчаак, түнт болуп калса, башка учурда туулгандар, тескерисинче, табиятынан ачык мүнөз, шайыр келишет. Ошондуктан болочок бала акылдуу, жайдары мүнөз, тагдыры жеңил болуп, бардар жашоодо өмүр сүрсүн дегендер төрөт күнүн, атүгүл саатына чейин астрологдорго санатып алышат. Анан курсактагы бала толуп жетилгенде кесарево жолу менен жарыкка алып келишет. Баланын киндиги кесилип, биринчи жолу аба жутканда космостон кандай энергия келип турган болсо, ал ошону өзүнө магнит сыяктуу тартып, сиңирип алат да, оң же терс энергиянын таасири алдында өмүр сүрөт.
«ТӨРӨЛГӨНДӨН КИЙИНКИ ТАРБИЯ КЕЧ»
– Ар бир адамдын тагдыры ал түйүлдүк кезинде эле программаланып калат. Ошондуктан кош бойлуу аял баласын курсагында көтөрүп жүргөндө эле ага кам көрүүсү зарыл. Эненин 9 ай аралыгында өзүн кандай алып жүргөнү балага түздөн-түз таасир берет. Эгерде болочок эне уруш-талашка кабылса, кыжырданса же ашыкча боорукердик менен ыйлай берсе, анын терс энергиясы балага өтүп, өзүнө агрессияны сиңирип алып, ымыркай планеталар өтө жаман жайгашып турган учурда жарыкка келет. Ошондон улам айрым адамдардын тагдыры оор болуп калат. Алар өмүрүндө финансылык жетишсиздикте, азаптан башы чыкпай, түйшүктүү турмушта жашап жүрүп өтүшөт. Ошондуктан баланын бактылуу жашоодо жашап, жолу ачык болуп, узун өмүр сүрүүсү үчүн кош бойлуулар жалаң жакшы ойлорду ойлонуусу кажет. Эне өзүн оптимисттик маанайда, эмоционалдык жактан жакшы алып жүрсө, бала да өзүнө ошол энергияны кабыл алып, болочокто ийгиликтүү адам катары калыптанат. Жатындагы бала кээде мөөнөтүнөн 5-10 күн эрте же кеч төрөлүп калганы да ушундан. Ал өзүнө жакшы энергия түзүлүшүн күтүп жата бериши мүмкүн. Ушул факторлорду эске алып, баланы төрөлгөндөн кийин тарбиялоо кеч болуп каларын ар бир эне билиши
Маектешкен Алтынай Тынышова
Космостун Жер шаарына жана Адамзатка тийгизген таасири
– Бизге космостон тынымсыз электромагниттик толкундар келип турат. Андыктан биз каалайбызбы, каалабайбызбы ал толкундар аркылуу, гравитациялык аракет этүүлөр, пи-мезондор, мю-мезондор, ж.б бөлүкчөлөр аркылуу Космос бизге түздөн-түз өз таасирин берип турат. Космос Жер шаарына эле эмес, анда жашап жаткан жандуу да, жансыз да нерселерге таасирин тийгизип турат. Ушундан улам астрология жаратылышта болчу өзгөрүүлөрдү, аба ырайын алдын ала билгендей эле, анда жашаган адамдардын тагдырын да алдын ала божомолдой алат. Жер планетасы күндүн айланасында 365 күндө айланса, Марс 22 айда, Юпитер 12 жылда айланат.
Бул планеталар ылдам айлангандыктан булардын таасиринен бир аз чыкса болот. Ал эми Сатурн 29, Уран 84, Нептун 165, Плутон 250 жылда бир айлангандыктан бул планеталардын таасиринен чыгуу кыйыныраак болуп, берген сыноолорунан кутулуу оорураак болуп калат. Мисалы, бир адамдын бешенесинде анын өлүмү башка адамдын кол салуусу аркылуу болору жазылса, аны өзгөртүү мүмкүн эмес. Болгону өлүмгө жакшы планета деп саналган Юпитер, Чолпон же Жер таасир берсе, бир аз жеңилирээк формада ишке ашат. Ал эми Плутон, Марс сыяктуу агрессивдүү планеталардын таасири тийсе, ал адам башка адамдын мыкаачылыгынын курмандыгы болуп жан берет. Бирок адам космостун таасиринен толугу менен чыгып кете албайт.
Сарпашев ким?
Сарпашев ким?
Сарпашев ким? деп сөзүбүздү суроо менен баштасак чочулабаңыз. Өзүңүздөр билгендей Россиянын Кремлге караштуу белгилүү астрологу Вадим Левин(Кремлёвский астролог) айткандай биз да өзүбүздүн Кыргыз Саясатчыларынын астропортреттерин берип турууну туура көрдүк. Буга чейин да айрым саясатчыларыбыздын астропортретин берип келгенбиз. Бул жолу Кыргызстандын биринчи экс вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Т.Сарпашевдин астропортретин ачыка чыгарууда Уран планетасы, Асмандын 4 чү жана 10 чу секторлорун алып карайбыз. Себеби аталган элементтер Сарпашев туулган моментте активдүү абалда болгон. Бул эмнени түшүндүрөт? Уран планетасы күтүүсүздүктүн, 4-сектор Мекендин, 10-сектор карьеранын планеталары болгондуктан, мындай адам карьерада күтүүсүз, күтүлбөгөн секириктерди жасайт дегенди түшүндүрөт. Буга Т.Сарпашевдин 2012-2015-жылдардагы жасаган карьералык секириктерин мисал келтирүүгө болот.
Суроо жаралышы мүмкүн? «А эмне анда Сарпашев учурда жумушсуз жүрөт» деген. Мектептин астрономия сабагынан сиздер билгендей бардык планеталар мезгил-мезгили менен кетенчиктөө кыймылдарын жасап турушат. Азыркы тапта Урандын кетенчиктөөсүнүн негизинде Сарпашевдин негизки күчтөрү, потенциалы эч кимге байкалбастан ичтен бышып жетилип жаткан учуру. Муну Астрологияда инкубационный период, кыргызча инкубациялык мезгил деп коёт.
Инкубациялык мезгил 2-3, 3-4 жылда бүткөн соң мындай адамдар Бийликке кайрадан күтүлбөгөн жерден келет. Мисалы Чынгызхан(Темүчүн) жаш кезинде Тоорул Ханга чабылып 6 жыл качып жүргөндөй. Айрым куу адамдар мындай адамдардын кайрадан Эл башына келип калаарын алдын-ала сезип, өз убактысында кошомат кыла коёт. Буга Сарпашевди өз убагында шыбап жүргөн, анын кызматтан кетүүсүнө түрткү болгон кээ бир саясатчы-сөрөйлөрдүн акыркы мезгилдеги «Сарпашевге мен тиймек эмесмин, жанымдагылар болбой туруп албадыбы, асылып…» деп актанган сөздөрүн мисал келтирүүгө болот.
Канткен ченде да окурмандарыбызга айтаарыбыз «бирөөгө ор казаардан мурда ойлонуп каз» деген сөздү айтмакчыбыз. «Тайырбекти бүгүн сот жообуна тарттырабыз» деп жүгүргөндөргө, эртеңки күнү сөзсүз өкүнүп калбагыла демекчибиз. Баса Өкмөт Үйүндө, Президенттик Аппаратта иштеген кызматкерлерге да айта кетчү сөзүбүз: Сарпашев 2016-жылы күз айларында Өкмөт Үйүнө же Президенттик Аппаратка жетекчилик кызматтын бирине келет деген сөздөр тараганда «Сарпашев келсе талапты катуу коёт, тынч отургузбайт, 8 сааттын ордуна 11 саат иштеп калабыз, Ош диалектикасы боюнча айтканда «пытыратып» жиберет деп көпчүлүгүң каршы чыккан экенсиңер. Бул сөзүңөр эмдигиче интернетте жүрөт.
Андыктан Өкмөттө иштеген туугандар, жетекчи болуп Сарпашев келеби же Эшматов Ташмат келеби коркпой, чыдап иштегиле. Жүнүңөр жалтырак болот!…